ДОҢУЗ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ-СУУ – Өзгөн районундагы суу, Жазы­нын оң куймасы. Узундугу 44 км, алабынын аянты 192 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан башталат. Жогорку агымы Саз деп аталат. Алабынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2000 м. Терең капчыгай аркылуу агат. Алабы дээрлик суу куралуу облусуна кирет. 20дай ча­кан куймасы бар. Суу капчыгайдан өрөөнгө чык­канда Доңуз-Тоо кыштагы аркылуу агып өтүп, Жазы суусуна оң жактан куят. Жылдык орточо чыгы­мы 2,74 м3/сек, эң көбү майда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.