ДРАЙЗЕР
ДРА́ЙЗЕР Теодор (27. 8. 1871, Терре-Хот, Индиана штаты – 28. 12. 1945, Голливуд) – америкалык жазуучу. АКШ адабиятындагы сын реализминин өкүлү. 1889–90-жылдарда Индиана штатындагы Блумингтон университетинде окуган. Адабий ишмердиги 1892-жылдан башталган. 1897-жылдан аңгеме, очерктери басылган. «Карындашым Керри» (1900), «Женни Герхард» (1911), «Финансист» (1912), «Титан» (1914), «Гений» (1915) аттуу белгилүү романдардын автору. «Ур, добулбас!» (1920) аттуу китебинде Россияга каршы баскынчылыкты айыптаган. «Америка трагедиясы» (1925) романы м-н Драйзер реалисттик чеберчиликтин жогорку баскычына көтөрүлгөн. Совет өкмөтүнүн чакыруусу боюнча 1927-жылы СССРге келип, өз көргөндөрү жөнүндө «Драйзер Россияга көңүл бурат» (1928) деген китебин жазган. СССРди кыдырып чыккандан кийин жазган «Эрнита» повестинде америкалык адабиятта биринчи жолу коммунисттин образын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмге каршы күрөшкөн, совет элинин баатырдык күрөшүн колдоп, гитлерчилерди айыптаган.