ДРЕЗДЕН
ДРЕ́ЗДЕН – Германиядагы шаар. Эльба дарыясынын боюнда. Саксония жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 573 миң (2024). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (негизинен электр-техника, радиоэлектроника), кино ж-а фотооптика, химиялык-фармацевтика препараттары, полиграфия, трикотаж, бут кийим, эмерек, тигүү, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. технологиялык университет, консерватория, музейлер, Дрезден сүрөт галереясы бар. Туризм өнүккөн. Алгач 1216-жылдан эскерилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-жылдарда Саксония королдугунун борбору. 15–18-кылымдардын архитектура эстеликтери: сепил-сарай (15-кылым), барокко стилиндеги– Цвингер (1711–22) ж-а Пильниц (1720–24), сарай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор ж-а айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.