ДРЕНАЖ
ДРЕНА́Ж (англ. drain – кургатуу) а й ы л ч а рб а с ы н д а – жер кыртышын өсүмдүктүн өсүшүнө тоскоол болуучу ашыкча суудан арылтуучу мелиорация ыкмасы. Саздак ж-а ашыкча нымдуу жерлерди кургатуу үчүн жер астына орнотулуучу (түтүк, кудук ж. б.) гидротехникалык курулмалар системасы колдонулат. Айыл чарбасында саздак жерди кургатуучу, жердин шордуулугуна каршы күрөшүүчү ж-а чополуу топуракта газ (аба) алмашууну күчөтүүчү (аэрация) Дренажга бөлүнөт. Б. з. ч. 2000-жылдарда Месопотамияда карапа Дренажы пайда болгон. Кийин Дренаж Байыркы Римде, Европада (Франция, Улуу Британия) колдонулган. Көбүнчө саздуу аймактарда ж-а шор жерлерде жасалма Дренаж жүргүзүлөт. Дренаждоодо кыртыштагы ашыкча суунун деңгээли төмөндөйт, зыяндуу туздарды эритип жууп кетирет, өсүмдүктүн тамырына шор келишин тосот. Кургатуучу Дренажда түз ж-а тик ыкма колдонулат. Топуракты кургатуу үчүн негизинен карапа түтүктөр пайдаланылат. Чым көңдүү жерлерди кургатууда мурда жыгач түтүк, кийин тешиктүү пластмасса, полиэтилен, винипласт ж. б. түтүктөрү кеңири колдонулууда. Шорсуздандыруу Дренажы айрыкча Орто Азия, Закавказье, Түштүк Украина, Түндүк Кавказда колдонулат. Бул аймактардын шордуу болушу кыртыш сууларында минералдуу заттар көп болуп, алар бууланганда тез эрүүчү туздардын (NaCl, NaSO4 , MgCl2 , CaCl2 ж. б.) топуракта топтолушуна байланыштуу болгондуктан, сугат жерлердин шор болушуна каршы күрөшүү үчүн түз ж-а тик Дренаж колдонулат. Алар жабык Дренаж деп аталат. Дренажды ачык канал м-н да ишке ашырууга болот. Мында кургатылуучу аянтка бири бирине жарыш терең канал казылат да, анын капталдарынан сарыккан суулар чуңкурга чогулат.
Ад.: Оросительные мелиорации. М., 1973; Горизонтальный дренаж орошаемых земель / Под ред. В. А. Духовного. М., 1979; Сельскохозяйственная мелиорация /Под ред. Б. С. Маслова. М., 1984.