ДРЕНАЖ МАШИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕНАЖ МАШИНАСЫдренаж курууда кол­донулуучу машина. Ал такта темирден түтүк

Дренаж машинаcы: 1 – эки алкактуу винттүү (бурама­луу) фреза; 2 – дрена жабуучу аппарат; 3 – электр трак­тору.

жасап, аны жерге орнотот. Машинанын кески­чинин артындагы катушкалуу тасма түтүк фор­малоочу аппараттан өтүп, траншеянын же те­шиктин түбүнө орнойт. Анын иштөөчү механиз­ми жирегич кескичтен турат, ага жер астындагы көңдөйдү (дренаны) бүтөөчү дренер бекитилет. Траншеялык ыкмаларда чынжырлуу сузгуч түрүндөгү Дренаж машинасы колдонулат. Ичке траншеялуу ыкмада бир нече сузгучу бар экскаватор түтүктү траншеяга орнотот. Траншеясыз ыкмада плас­тмасса түтүк, кескич м-н тилинген ичке жыл­чыкка коюлат.