ДРОМОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРО́МОС – 1–5-кылымдарда Евразия чөлкөмүндө жаша­ган көчмөн уруулардын көрлөрүндөгү катаком­ба ж-а подбой казанактарына алып баруучу айдөш казылган жабык коридор. Дромостордун узундугу 4–6 мге чейин жетип, жер алдындагы эңкейиш жасалган узун коридорлор аркылуу сөөктү ка­занакка (катакомбага) алпарып коюу үчүн ылайыкташтырылган. Байыркы Дромостор Грекия­нын Эгей ж-а Этрус маданиятынын табыт коюлуу­чу жайларынан кездешкен. КМШда Кара деңиз­дин түндүк жээктеринде, Ташкент ж-а Бухара оази­стеринде ж-а Казакстандын түндүк райондорунда көп кездешет. Кыргызстанда Дромостуу көрүстөндөр Чат­кал, Талас, Кетмен-Төбө, Баткен ж-а Алай өрөөндөрүндө кеңири тараган. Дромос хунн уруула­рына таандык деп эсептелинет.

А. К. Абетеков.