ДРУЖБА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРУ́ЖБА (мурдагы Красный Восток) – Чүй облусу­нун Ысык-Ата районундагы кыштак. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун ж-а Чоң Чүй каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 764 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кант шаарынан 25 км чы­гыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км аралыкта. Калкы 2218 (2022); негизинен жашыл­ча өстүрүүдө эмгектенет. Мончо, ашкана ж. б. бар.