ДРУЖЕНКОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРУ́ЖЕНКОВА Евгения Степановна (1917-жылы туулган, Харьков облусу, Вольчанский району, Рубежный кыш.) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1965), Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги (1947). 1938-жылы Харьков зоотехникалык институтун бүт­көн. 1938–49-жылдарда Ысык-Көл, Ош облустарынын чарба­ларында зоотехник, 1949-жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, лаборатория баш­чысы. Тянь-Шань коюн чыгаргандардын бири. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сый­ланган.