ДРУЗА
ДРУ́ЗА (нем. Druse – щётка) – 1) табигый минерал агрегатынын кристаллдык формасы. Мында тоо тектердин көңдөйлөрү м-н жаракаларынын беттерине минерал кристаллдары бир гана жагы м-н жабышып, ачык жагын карай өсө баш-

тайт. Натыйжада кырлары жакшы чыккан чокмороктошкон кристаллдар пайда болот (к. сүрөттү). Жаратылышта кварц, аметист, кальцит, антимонит сыяктуу минералдардын Друзалары көп учурайт. 2) Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн (мисалы, жөкө дарактын сөңгөгүнүн, козу кулактын) клеткаларындагы кальций оксалатынын бирге бутактанып өскөн цитоплазмадан турган кристаллдары.