ДУБАЙ
ДУБА́Й , Д и б а й – Бириккен Араб Эмирликтери мамлекетиндеги шаар. Араб жарым аралынын түндүк - чыгышында. Перс булуңундагы порт. Дубай эмирлигинин административдик борбору. Калкы 3,3 млн (1989). Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуучу аймактын борбору. Алюминий заводу, кемени кургакта ремонттоочу дүйнөдөгү эң ири курулма (кургак док) иштейт.