ДУБАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБАН (кытайча, дуан – аймак; арабча, ди­ван – акимдик жыйын) – 17–18-кылымдарда, болжолу андан да арыраак мезгилдерде, кыргыз жерге­синин жайгашуусу боюнча бөлүнгөн аймактар­дын аталыштары («Көл дубаны», «Жети-Суу дубаны» ж. б.). Дубандын ээлеген аянты абдан чоң чөлкөмдөрдөн турган («Дубандан чыккан жор­го элем», Токтогул). Дубандар бир уруу же бир эле тайпа эмес, көптөгөн тайпалардан (уруулар) тур­ган. Дубан орустар келгенге чейин аймактык баш­каруу бирдиги да болгон.