ДИСПЕРСИЯЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПЕРСИЯЛУУЛУК (лат. dispersus – чагыл­ган) – дисперсиялык системадагы бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнүн мүнөздөмөсү (майдалануу даражасы). Заттар канчалык майдаланган болсо, алардын дисперсиялуулугy ошончолук жогору, башкача айтканда дисперсиялык бөлүкчөлөрдүн диаметрлерине тескери пропор­циялуу. Дисперсиялуулук бөлүкчөлөрдүн беттик аянтын көлөмүнө бөлүү м-н аныкталат. Бөлүкчөлөрү бир­дей өлчөмдөгү заттар – монодисперстүү, ар түрдүү өлчөмдөгүлөр полидисперстүү деп аталат. Ал – дисперсиялык системалардын эң негизги мүнөз­дөмөсү. Ага жараша заттардын физикалык, химиялык ка­сиеттери өзгөрүлөт. Кесек дисперсиялык систе­маларга суспензия, эмульсия, түтүн, туман, тоо­кен бөлүкчөлөрү ж-а куймалар, ал эми микро­гетерогендүү системаларга коллоиддик эритме­лер кирет. Дисперсиялуулук пигменттерди, жер семирткичтер­ди, пестициддерди, дарыларды ж. б. күкүм же бүртүк заттарды жасоодо ж-а пайдаланууда техникалык көрсөткүч катары чоң мааниге ээ болот.