ДУГОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУГО́В МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы – Коллектор тоосунун түштүк капталын­дагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,5 км, аянты 4,5 км2. Исфайрам-Сай ж-а Шаймерден суулары­нын алаптарын бөлүп турган тармагынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 4000 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4500 м, абляция аймагынын аянты 2,2 км2. 1935–73-жылдарда жылына 25–70 мге тартылган; ки­йин тартылуу басаңдаган. Мөңгүдөн агып чык­кан суу Арча-Конушка (Исфайрам-Сайдын оң курамы Сүрмө-Таштын алабында) оң тараптан куят.