ДУДИНКА
ДУДИ́НКА – Россиядагы шаар (1951-жылдан). Таймыр (Долган-Ненец) автономия округунун административдик борбору. Енисей дарыясынын төмөнкү агымындагы деңиз порту. Норильск шаарынын аванпорту. Темир жол бекети. Калкы 20,45 миң (2023). Балык заводу иштейт. Мекен таануу музейи бар. 1667-жылы негизделген.