ДУДКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУ́ДКО Фёдор Иванович (25. 9. 1903-жылы туулган, Сума облусу, Тростянецк району, Гребениковка кыштагы) -- Даңк орденинин толук кавалери. Сов. Армияга Токмок шаарынан 1941-жылы ноябрда чакырылган.

2-Украин, 1-Белорус фронт­торуна, Курск салгылашы­на катышкан. Днепрден өтүүдө, Украина, Румыния, Польшаны бошотууда, Бер­линди алууда баатырларча күрөшкөн. Шпаков (Украи­на) кыштагы үчүн болгон сал­гылашта душмандын тан­калык 4 чабуулунун мизин кайтарышып, бир танкасын талкалаганы үчүн 3-даражадагы Даңк ордени м-н, Скампе шаарынын (Чыгыш Померания) жа­нында 15 фашистти жок кылганы үчүн 2-дара­жадагы Даңк ордени, Берлиндин жанында бол­гон урушта душмандын бир нече пулемётун жок кылып, бронетранспортёрун күйгүзүп жибер­гени үчүн 1-даражадагы Даңк ордени м-н сыйланган. Дудко 2- ж-а 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.