ДУНАЙ
ДУНА́Й (нем. Donau, венгрче Duna, болгарча, сербче Дунав, чехче Dinaj, румынча Dunarea) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 км. Алабынын аянты 817 миң км2. Германия, Словакия, Венгрия, Хорватия, Сербия ж-а Черногория, Болгария, Румыниянын аймактары аркылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармактарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан Темир Дарбазага чейин (Румыния м-н Сербиянын чегинде)

Орто ж-а Төмөнкү Дунай түздүктөрү аркылуу агат. Кара деңизге куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куймасы бар (негизгилери: Драва, Тиса, Сава, Олт, Сирет, Прут). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 м3/сек. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук ж-а Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия м-н Германиянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенсбург (Германия), Линц, Вена (Австрия), Братислава (Словакия), Будапешт (Венгрия), Нови-Сад Белград (Сербия жана Черногория), Русе (Болгария), Брэила, Галац (Румыния), Измаиль (Украина) ж. б. шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Дунайда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Дунай дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кемелеринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн.
Ад.: Вагин Н. Ф., Карминский М. С. Река Дунай. Л., 1960; Гидрологический справочник реки Дунай. 1921–1960, Будапешт, 1965.