ДУНГАН МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН МУЗЫКАСЫ – дунган калкынын му­зыкасы. Дунган музыкасы бир үндүүлүгү, шаттуулугу, обон­дуулугу, ыргагынын жана өлчөмүнүн эркиндиги менен айырмаланат. Элдик музыкалык аспаптары: ми­хузы, эрхузы, сыхузы (кыл аспап), «ди», «щё» (үйлөмө аспап), санщянцзы, пиба, ёнчин, ку­чянзы (чертме аспап), вазы (урма аспап). Ыр­чылар музкалык аспаптын коштоосу менен аткарат. Дунгандар ырды эне тилинин фонетикалык өзгөчөлү­гүнө байланыштуу басыңкы үн менен ырдайт. «Нанчо данфи», «Мынчжано» сыяктуу эски ырла­ры бүгүнкү күнгө чейин ырдалат. Октябрь революция­сынан мурун Пишпек уездинде Щинин Гасыр, Ля Ягэзы, Янсуй, Исмаз, Чжупи Давуз сыяктуу аспаптык музыканы мыкты аткаруучулар бол­гон. Чжан Сумаз бир нече аспапта ойногон. Анын баласы Чжан Гашим Кыргыз мамлекеттик фи­лармониясындагы дунган ансамблине жетекчи­лик кылган. 1930-жылдан Алматыда музыкалык аспаптын чебер аткаруучусу Машанло Сыдзюзынын ысмы белгилүү. Кыргызстан (Кыргыз ССР эл артисти Х. Мух­таров) менен Казакстанда (СССР композиторлор союзунун мүчөсү, Алматы консерваториясынын доценти Б. Баякунов жана башкалар) музыкалык жогорку билими бар бир катар профессионал музыканттар иштеш­кен. Республикадагы дунган калкынын туңгуч компо­зитору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Есен Исмаилов «Чунтян», «Есен-Д» эстрадалык топторун жетектеп, ырла­рын тартуулап келүүдө.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Есен Жумазович Исмаилов.