ДУНКАН

ДУНКА́Н , Д а н к а н Айседора (27. 5. 1877, Сан-Франциско – 14. 9. 1927, Ницца) – амеркалык бийчи. Модерн бийлери мектебине негиз салгандардын бири. Ал Бетховен, Глюк, Шопен, Чайковский жана башка композиторлордун бийге арналбаган музыкаларын пайдаланган. Балеттик кийимди (пачка, трико) грек туникасы менен алмаштырган; пуанта менен бийлөөдөн баш тарткан, бут кийимсиз бийлеген («жылаңайлактар бийи»). Россияга 1904-жылы келип бийлеген, кийин император театрында (1905–1913), Москва көркөм театрында бий мектебин уюштурууга аракеттенген.

Германия (1904), Франция (1912), Америка Кошмо Штаттарындагы (1915) мектептери аз иштеп жабылып калган. 1921-жылы 7-ноябрда Чоң театрда салтанаттуу кечеде өз тарбиялануучулары менен бийлеп чыккан (кечеге В. И. Ленин катышкан). Дункандын репертуарына «Марсельеза», «Интернационал», «Варшавянка» кирген. 1922-жылы С. Есенинге турмушка чыккан (студия ачкан). 1924-жылы СССРден кеткен. Анын студиясын бакма кызы Ирма Дункан жетектеген (студия 1949-жылга чейин иштеген). Дункандын бий өнөрүнүн өнүгүшүнө таасири чоң.