ДХАРМА
ДХА́РМА (санскр. закон, санжап, парз, адилеттик, сапат, мүнөз, табыят) – 1) инди философиясынын ж-а индуизм дининин башкы түшүнүктөрүнүн бири, бир нече мааниси бар: дүйнөгө ээлик кылган түбөлүк ыйман мыйзамдары (абсолюттун аналогу); «туура жашоонун» адеп-ахлактык социалдык парыздуулугу – ушул мааниде ар бир адамдын өз Дхармасы болот. 2) Буддизмде: Дхарма болмуштун түбөлүктүү, өзгөрбөс алгачкы элементтери катары, жеке инсандык эмес, жалпы жашоо жүрүшү жөнүндөгү, психикалык-физикалык зарделердин (энергиялардын) жарк эткен чактары сыяктуу кыйдамдар түшүнүлгөн. Дхарма такай пайда болуп, жоголуп турат; алардын толкунданышы азап чегүүнүн булагы болот ж-а нирвана (бошонуу) абалында барып басылат. Алгач мифологиялык Дхарма ыйык акылман катары кабылданса, кийинчерээк акыйкаттын кудайын түшүндүргөн. Ал «мыйзам», «ыйманы таза», «ырайымдуу» түшүнүктөрүн камтыйт. Улам кийин «Дхарма» термини кыйла чачырап майдаланып кеткендиктен, анын мааниси колдонулуп жаткан контекстке байланыштуу гана туюлуп, ал «система», «доктрина», «дин», «гармониялуу иреттүүлүк», «милдет», «үлгү» ж. б. маанилерди да кучагына алган. Дхарманын маңызы кийинчерээк өз табияты боюнча рухий тазалыкты камтыган белгилүү бир шайкештикти туюндуруп калды.