ДЫЙКАНДАР РЕФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 16 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЫЙКАНДАР РЕФОРМАСЫ (1861) – Россияда крепостнойлук укукту жойгон реформа. Дыйкандар реформасын жүргүзүү боюнча 1857-жылы жашырын комитет (кийин башкы комитет) ж-а губерниялык комитеттер түзүлгөн. 1861-жылы 19-февралда Александр II «Крепостной­лук укукту жоюу жөнүндөгү» манифестке ж-а «Крепостнойлук көз карандылыктан кутулган дыйкандар жөнүндө» жобого кол койгон (5-март­та жарыяланган). Анда дыйкандардын жеке керт башынын эркиндиги, жер үлүшү м-н кам­сыз кылуу ж-а кутулуу акысы тууралуу маселе­лер каралган. Жер үлүшүнүн акысын төлөө үчүн дыйкандарга 49 жылдык мөөнөт м-н насыя бе­рилген. Помещиктердин ээлеген жерлери жеке менчикке калтырылган. Дыйкандар реформасынын натыйжасын­да 22,5 млн дыйкан крепостнойлук укуктан бошонгон.

Ад.: Зайончковский П. А. Отмена крепостного права в России. 3-е изд. М., 1968.

К. Алымкулов.