ДЬЮИ
ДЬЮ́И Жон (20. 10. 1859, Вермонт штаты, Барменгтон – 1. 6. 1952, Нью-Йорк) – америкалык педагог, философ ж-а психолог. Мичиган (1884–94), Чикаго (1894–1904) ж-а Колумбия (1904–30) университеттеринин профессору. Логика тармагында прагматикалык методологияны, прагматизмдин жаңы варианты катары «инструментализмди» иштеп чыккан. Дьюинин пикири боюнча таалим-тарбия эркин экономика шартында ар кандай кырдаалдарга ыңгайлаша билген инсанды тарбиялоого багытталышы зарыл. Ал мектеп системасындагы билимге ээ болуу сапатына каршы баланын өзүнүн жеке тажрыйбасына, өз алдынча практикалык ишмердигине негизделген «жасап көрүп үйрөнүү» моделин сунуш кылган. Анын педагогикалык теориясы 20-кылымдын биринчи жарымына чейин Америкада, ошондой эле бир катар Европа мамлекеттеринде кеңири белгилүү болгон.