ДЭ′ ВИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЭВИС Жон (1550-жылдар чен – 1605) – англиялык деңиз сүзүүчү. Арктиканы изилдеген. 1580-жылы 1-экспе­дициясын Арктикага жасап, Атлантика океа­нынын түндүк-батышында Тынч океанга өтүүчү өткөөлдү табууга аракеттенип, ал далалатын 1585-жылы кайталаган. 1586–87-жылдарда 2-экспедиция­сында Арктиканы Гренландиядан батышты ка­рай изилдеп, кысык аркылуу (кийинчерээк анын атынан аталган) өткөн. Баффин кысыгын, Лаб­радор жарым аралынын чыгыш жээгин, Гренландиянын батыш жээгин 73° түндүк кеңдикке чейин изилде­ген. Фолкленд аралын көргөн алгачкы европалык адам болгон (1592).