ДИФЕНИЛАМИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФЕНИЛАМИ́Н , (С6Н5)2NH – мүнөздүү жыты бар, жарыкта карарып кетүүчү түссүз кристалл. Балкып эрүү t – 54–55°С; кайноо t – 302°С. Сууда эри­бейт, диэтил эфиринде, бензолдо, ацетондо, CCl4 жакшы эрийт. Концентрациялык минералдык кислоталар м-н аракеттенишип, суюлтулган кислоталарда ж-а сууда гидролизденүүчү туздарды пайда кылат. Азот м-н байланышкан Н атому щелочтуу ме­таллдын атому м-н орун алмашууга жөндөмдүү. Арил, алкил ж-а ацил топторуна орун алмашуу­су анилинге караганда кыйыныраак жүрөт. Өнөр жайда дифениламин анилинди анын гидрохлориди м-н басым алдында 300°С ысытуудан ж-а Al2O3 ар­кылуу (400°С) анилиндин бууларын өткөрүү жолу м-н алынат. Дифениламин – полимерлер үчүн анти­оксиданттардын ысыкка ж-а атмосферага турук­туулугун жогорулатуу үчүн стабилизатор, жум­шак болоттордун коррозиясынын ингибитору катары, түрдүү синтездерде, азобоёктор ж-а три­метан боёкторун алууда, ошондой эле анализдик хи­мияда колдонулат.