ДЮМОН-ДЮРВИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮМО́Н-ДЮРВИ́ЛЬ Жюль Себастьен Сезар (23. 5. 1790, Конде – 8. 5. 1842, Версаль) – франциялык деңиз сүзүүчү ж-а океанограф. Эки жолу дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. Ал Тынч океандын түштүк бөлүгүн (1826–29) ж-а Антарктиданы (1837–40) изилдеп, бул аймактын деңиз кар­тасын түп тамырынан бери өзгөрткөн. 1820-жылы Эгей деңизиндеги Милос аралында сакталган Грекияга тиешелүү скульптураны алууга көмөктөшкөн. Микронезиядан, Полинезиядан, Малайзиядан Францияга 1600гө жакын өсүмдүк, 900дөй тоо тек үлгүсүн алып келген. Ал жыйнаган маалыматта­ры европалыктардын Океания ж-а Түштүк-Чыгыш Азия элдери жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңейткен.