ДИФФЕРЕНЦИАЛ МЕХАНИЗМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФФЕРЕНЦИА́Л МЕХАНИЗМИ – баштапкы кыймылдын суммасына же айрымасына бара­бар болуучу жыйынтыктоочу кыймылды алуу­га мүмкүндүк берүүчү механизм. Мисалы, жетелөөчү дөңгөлөктөрдү, транспорт машиналарын жол­дун бурулушунда ар кандай ылдамдык м-н ай­ланышын камсыз кылуучу тиштүү механизм­дер. Ал автомобиль, трактор ж. б. транспорт машиналарынын жетелөөчү дөңгөлөктөрүнүн кыймыл бергичине орнотулуп, өңгүл-дөңгүл жолдо жүргөндө машинанын жетелөөчү дөңгө­лөктөрүнүн ар түрдүү ылдамдыкта айланышын камсыз кылат. Бир эркин даражалуу дифференциал механизми ки­чине так которулууларды (мисалы, приборлордо) же чоң күчтөрдү (мисалы, темир кесүүчү станоктун винттик механизминде, дифференциалдык ры­чагда ж. у. с.) алуу үчүн колдонулат. Эки эркин даражалуу дифференциал механизми кеңири таралган. Анда кый­мыл конустук тиштүү дөңгөлөктөр аркылуу өткөрүп берилет (мисалы, автомобилдин дифферен­циалы).