ДЮРКГЕЙМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮРКГЕ́ЙМ Эмиль (15. 4. 1858, Эпиналь – 15.11. 1917, Париж) – француз социологу, социо­логия илимин негиздөөчүлөрдүн бири. Индиви­дуалдык-психологиялык ж-а биологиялык багытка каршы чык­кан; коомду индивиддердин жыйындысы деп эсептөөгө болбой турган реалдуулук катары ка­раган. Ошол эле учурда коомдогу аныктоочу рол­ду «жамааттык аң-сезимге» ыйгарган. Эмгек­ти бөлүштүрүүнү коомдук тилектештиктин не­гизи деп эсептеген ж-а социалдык жаңжалдар­ды ашынган (патологиялык) көрүнүш катары түшүн­дүргөн.