ДИФФУЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФФУ́ЗИЯ (лат. diffusio – таралуу, жайы­луу) – түрдүү концентрациядагы заттардын атом, молекулаларынын жылуулук кыймылынын на­тыйжасында аралашуу процесси. Диффузия газ, суюк, катуу нерселерде болот. Диффузия кубулушуна ар баш­ка тектүү заттар гана эмес, бир заттын молеку­лалары да катышат. Газдарда диффузия суюк, катуу нерселерге караганда тезирээк жүрөт. Бөлүкчө­лөр тыгыздык азаюучу багыт боюнча которулат, башкача айтканда газдын диффузия агымы (I) анын терс белги м-н алынган тыгыздык градиентине: dp формула ке түз пропорциялаш: I=–D dx , мында D – диффузия коэффициенти. Бул туюнтма Фик закону деп аталат. Суюктукта мо­лекулалар ортосундагы аралык молекуланын өлчөмүнө жакын ж-а молекулалар термелүү кый­мылында болот. Коңшу молекуладан кошумча энергия алган молекула кандайдыр d аралыгы­на «секирет» (перескок) ж-а төмөнкүдөй тар­типтеги чоңдук: D =τ0 exp (–W/kT),мында d – молекулалар арасындагы орточо аралык, r – «се­кирүүлөр» ортосундагы «отурукташуу» убакты­сы, W – активдешүү энергиясы, τ0 – отурукташ­кан молекуланын термелүүсүнүн орточо мезги­ли. Суюктуктардын диффузия коэффициентинин температурага көз карандылыгы эксперименттен далилденген. Катуу нерселерде диффузия кристаллдык түзүлүш кем­тигине өтө көз каранды. Катуу нерсенин темп­ература ж-а энергияга көз карандылыгы суюктукка салыштырганда кыйла жогору. Микроскопия­лык теория боюнча диффузия атомдордун боштуктарга се­кирүү механизми м-н түшүндүрүлөт. Крис­таллдык торчодогу атомдор боштукка (вакан­сия) потенциалдык тосмо аркылуу өтөт, кайра баштапкы абалына келгенче коңшу атомдорго энергиясынын ∆E бөлүгүн берет. Катуу заттар үчүн диффузия коэффициенти': D = ⎜ ⎝ 0 ⎟ exp (– W/kT),мында W=U + ∆E – энергиясы, а – торчонун турактуу­су, τ0 – кристалл торчосунун атомдорунун тер­мелүү мезгили, U – боштук энергиясы. Электр талаасынын таасири м-н заряддалган бөлүкчө­лөрдүн диффузиясы – э л е к т р-д и ф ф у з и я с ы жүрөт. Басымдын градиенти пайда кылган диффузия б а р о д и ф ф у з и я деп аталат. Көптөгөн технологиялык ж-а биологиялык процестердин негизинде диффузия кубулушу жатат.'

'