ДИПОЛЬ
ДИПО́ЛЬ (ди... ж-а гр. pjlos – уюл) – 1) э л е к т р д и к диполь – бири-биринен белгилүү бир аралыкта жайгашкан, абсолюттук маанилери бирдей, бирок белгилери карама-каршы болгон эки чекиттик заряддан (+е, –е) турган система. Электрдик диполдун негизги мүнөздөөчүсү – анын диполдук моменти. Терс заряд м-н оң зарядды туташтырган вектор диполдун ийини, заряддын абсолюттук мааниси (q) менен диполдун ийинине (l) болгон көбөйтүндүсүнө барабар вектордук чоңдук вектордук момент ( вектору) деп аталат. Ал мындай туюнтулат: , мында l – заряддардын арасындагы аралык. вектору терс заряддан (-е) оң зарядга (е +) багытталат. Диполдук момент өзүнүн өлчөмүнө караганда чоң аралыктагы бейтарап системанын электр талаасын ж-а ага тышкы талаанын аракетин аныктайт. 2) абсолюттук чоңдуктары барабар, белгилери карама-каршы эки заряд