ДИХРОИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИХРОИ́ЗМ (гр. dichroos – эки түстүү) – поляр­ланууга жараша жарыктын заттарда ар түрдүү жутулуу процесси. Жарыктын жутулушу тол­кун узундугуна да көз каранды болгондуктан, дихроизмдүү заттар байкоо багытына жараша түрдүү түстө болушат. Бул кубулушка «плеохроизм» тер­мини туура келет (гр. pltōn – көп ж-а chrja – түс), бирок бул термин аз колдонулат. Дихроизм 1809-жылы П. Кордье тарабынан кордиерит деп аталган минералда ачылган. Дихроизмдин төмөнкүдөй түрлөрү бар: с ы з ы к т у у дихроизм: – эки өз ара перпендикуляр сызыктуу полярланган жарык­тын затта ар башкача жутулушу; т е г е р е к дихроизм – затта оң ж-а сол тегерек полярланган жарыктын бирдей эмес жутулушу; э л л и п с­ т и к дихроизм – затта оң ж-а сол эллипс боюнча поляр­ланган жарыктын бирдей эмес жутулушу. Дихроизм колдонмо (прикладдык) кристалл-оптика м-н минералогияда минералды ж-а тоо текти, химия м-н биохимияда молекуланын түзүлүшүн анык­тоо үчүн колдонулат.