ДИЭЛЕКТРДИК ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК
ДИЭЛЕКТРДИК ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК – эки эркин заряддын кулондук өз ара аракеттенишүү күчү вакуумдагыга караганда чөйрөдө канча эсе аз экендигин көрсөтүүчү чондук. Диэлектрдик өткөрүмдүүлүк электр индукцияcы (D) м-н электр талаасынын чыңалуусунун (E) байланышын көрсөтөт: D=ε0εE, мында ε0– электрдик турактуулук. Бул теңдеме изотроптук диэлектрик үчүн гана аткарылат, себеби диэлектрдик өткөрүмдүүлүк заттын түзүлүшүнө, химиялык курамына, ошондой эле басым, температура ж. б. сырткы таасирлерге да көз каранды. Бирдиктердин СГСЭ системасында дифференциалдык диэлектрдик өткөрүмдүүлүк төмөндөгүдөй берилет: εдиф.=dD/dE, мында D – электр индукциясы.