ДҮЙШЕЕВ Арстанбек
ДҮЙШЕЕВ Шайлообек (23. 2. 1950-ж. т., Нарын обл, Ат-Башы р-ну, Ат-Башы айылы) – акын, журналист, Кыргыз эл акыны (2005), Кырг-н жазуучулар союзунун башкармасынын

ж-а КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгаруу к-тинин мүчөсү (2005). КМУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөн (1980). Ат-Башы р-нунда пионер вожатый, куруучу, жумушчу, 1980–83-ж. «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, КРдин телерадио к-тинде редактор, 1983– 91-ж. Кыргыз филармониясынын адабий бөлүмүнүн, 1991–93-ж. «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, 1993-жылдан «Асаба» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары, кийин «Агым», «Алас» гезиттеринде, «Жетимен» журналында иштеген, 2006-жылдан «Азаттык» радиосунун кабарчысы. Д. «Аптап» (1985), «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз» (1989), «Кайдыгерлик» (1991), «Тайгүлүк» (1991), «Арабадагы ыр» (1999, 2001), «Шакен азган» (2004) аттуу ыр китептердин автору. «Кайдыгерлик» деген ыр жыйнагында кыргыз жеринин жаратылышынын кайталангыс сүрөттөрү, поэтикалык жан дүйнөсү, бүгүнкү күндүн проблемалары, элине болгон арман, сүйүү сезими курч сөздөр, ирониялар м-н кайра куруу, ачык айтуу учурунда турмуш чындыгынын актуалдуу маселелерин күн тартибине курч койгон. Ырларында коомдогу ж-а турмуштагы кемчиликтерди, терс көрүнүштөрдү таамай сүрөттөгөн. «Эне тилин унуткандар» деген ырында эне тилинен ажырап, маңкурт болуп калган ырдын каарманы Муратты күнөөлөбөй, тескерисинче, жалпы коомчулук, бийлик ээлери күнөөлүү экендигин ачык айтат. Д. «Жетимен» кайрымдуулук фонду тарабынан негизделген Б. Сарногоев атн. эл аралык адабий сыйл. туңгуч лауреаты (2005). Медалдар м-н сыйланган.