ДҮЙШӨКЕЕВ
ДҮЙШӨКЕЕВ Өмүркул (1934-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (1993), профессор (2002). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2000). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1958), Кыргызстан мал чарба ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1964). Республикалык асыл тукум мал өстүрүү чарбасында зоотехник, Түштүк Кыргызстан тажрыйба чарбасында директордун орун басары. Кыргызстан мал чарба илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер, директор, директордун орун басары, республикалык мамлекеттик асыл тукум станциясынын директорунун орун басары, 1994-жылдан Кыргызстан мал чарба илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы. Бодо малдын физиологиясы, эмбриологиясы, генетикасы боюнча адис. Ал 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монография, 7 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Племенная работа в скотоводстве Киргизии. Ф.,1975; Новое в селекции молочного скота. Б., 1990.