ДҮЙШӨМБҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨМБҮ , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Та­жикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар өрөөнүндө, Дүйшөмбү дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 750–930 м бийикте жайгашкан. 1920-жылы Бухара эмиринин акыркы резиденциясы болгон. 1922- жылдан шаар. 1991-жылдан өлкөнүн, саясий, экономикалык ж-а маданий борбору. Калкы 802,7 миң (2016). Темир жол тоому. Машина куруу, металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек, булгаа­ры-бут кийим, тигүү), тамак-аш, курулуш ма­териалдары (цемент, үй куруу комбинаттары) өнөр жайы, ИА, 8 ЖОЖ (анын ичинде Тажикстан, Славян, агрардык университеттери), медициналык институт, 6 театр (анын ичинде Тажик­стан опера ж-а балет, драма театрлары), филар­мония, музейлер (тарыхый-мекен таануу ж-а сүрөт, Бехзад атындагы өнөр, этнография, С. Айни атындагы,

Шаардын жалпы көрүнүшү.

М. Турсун-заде атындагы адабият), китепкана (Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саадинин кол жазмала­ры сакталууда) иштейт. Эсептөө борбору (1976), жазуучулар союзу («Поэзия жылдыздары» пан­носу м-н кооздолгон), эстеликтер, басма үйү ж. б. бар. Шаардын аты аптанын биринчи күнүн бил­гизген дүйшөмбү сөзүнөн аталган.