ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосу­нун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибинде­ги мөңгү. Узундугу 5,0 км, аянты 5,3 км2. Каравшин суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4930 м, этеги 3480 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3888 м. Абляция облусу­нун аянты 1,6 км2. Фирн облусу кырка тоонун дого сымал ийилген кыры м-н чектелген жазы төрдү ээлейт. Мөңгүдөн Орто-Чачма суусунун (Ка­равшиндин сол куймасы) башаты – Дүкөнөк суусу башталат.