ДҮМҮР КАЗГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮМҮР КАЗГЫЧ – дүмүр казып чыгаруу, чоң таштарды кыртыштан бошотуп алуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү ж-а жол салуу, жаңы жерлерди дарактардан ж-а бадалдардан тазалоо, жол ж-а кургатуучу канал даярдоо ж. б. жумуштарда колдонулуу­чу машина. Дүмүр казгычтын тартуучу арканы (лебед­ка, аркан түзүлүштөрү), ошондой эле тартуу же түртүү күчүнүн ж-а көтөрүү күчтөрү же көтөрүү күчтөрү м-н тартуу күчтөрүнүн биригишинин натыйжа­сында сууруп алуучу тиштүү жумушчу бөлүгү болот. Анын тракторго асылма, чиркелме же өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Көбүнчө асылма-трак­тордун түртүү күчүнүн аркасында дүмүр казып чыгаруучу Дүмүр казгыч колдонулат. Мындай Дүмүр казгыч ра­мадан, тиштүү жумушчу бөлүктөн ж-а көтөрүүчү механизмден турат. Казуу убагында тиш дүмүр­дүн астына тереңдеп кирип, трактордун күчү м-н аны түртүп жылдырат ж-а бир эле убакта өйдө көтөрөт. Жумушчу органдары (негизинен алмашылма) лебедканын же трактордун гидро­системасынын жардамы м-н кыймылга келет. Алуу кеңдиги 1,2—1,4 м болгон Дүмүр казгычтар чыга­рылат, жумушчу бөлүгү 700 ммге чейин терең­диктеги кыртышты сүрө алат.