ДОЗА (иондоштуруучу нурларда)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́ЗА и о н д о ш т у р у у ч у н у р л а р д а – иондоштуруучу нурдун заттын масса бирдигине сиңген энергиясы. Жутулган энергия затты жылытып, анын физикалык ж-а химиялык касиеттерин өзгөртөт. Доза нурлануунун түрүнө (рентген нур­лануу, нейтрондордун агымы ж. б.), бөлүкчө­лөрдүн энергиясына, алардын агымынын тыгыз­дыгына ж-а нурду сиңирүүчү заттын курамына жараша болот. Нур канчалык көп убакыт бе­рилсе, доза ошончолук көбөйөт. Дозанын убакыт бирдигинде сиңирилгени доза кубаттуулугу деп аталат. Ж у т у л г а н доза бирдиктер систе­масында – грей (Гр), 1 Гр = 1 Дж/кг м-н өлчө­нөт, ошондой эле системадан тышкары бирдик рад (1 рад =10–2 Гр) да колдонулат. Э к с п о з и­ ц и я л ы к доза – рентген ж-а γ-нурлануунун таасиринен абанын иондошуу өлчөмү. Ал пай­да болгон заряддын саны м-н өлчөнүп, бирдик­тер системасында кулон/кг (Кл/кг), системадан тышкары рентген м-н белгиленет. 1 см3 абада 2,08 . 109 жуп иондуу (0°С ж-а 760 мм сым. мам.) пайда кылуучу иондоштуруучу нурлардын дозасы рентген деп аталат. Э к в и в а л е н т т и к доза сиңирилген дозанын өлчөмү м-н сапат коэффициент­инин көбөйтүндүсүнө барабар. Ал бэр м-н өлчөнөт. Иондоштуруучу нурлардын тирүү орга­низмге таасир этүүчү дозасы үстүрттөн, терең, диаг­ноздоочу, дарылоочу, стерилдөөчү, өлтүрүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Адамдын өмүрүнүн кооп­суздугу үчүн эквиваленттик дозанын өлчөмү жы­лына 5 бэрден ашпоого тийиш.