ДҮҢ CООДА
ДҮҢ CООДА – товарларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү алып сатуу же профессионалдык пайдалануу максатында сатып алуучуларга сатуу боюнча ишмердик. Ишканалардын ортосундагы байланышты ишке ашыруучу товар жүгүртүүнүн формасы, ички сооданын курамдык элементи; товар жүгүртүүнүн баштапкы стадиясы‚ башкача айтканда товардын өндүрүшчүдөн чекене соода ишканасына чейин же продукцияны керектөөчү ишканага чейин айланышы. Дүң соодага айыл чарба продуктуларын ж-а сырьёлорду сатып алуу ж-а сатуу да кирет.