ДҮҢ БАА
ДҮҢ БАА – товарларды ири партия м-н ишканаларга‚ фирмаларга‚ сатуучу ж-а ортомчу уюмдарга‚ дүң соода ж-а сатуучу компанияларга сатуудагы баанын бир түрү. Дүң баа боюнча продукцияларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү ишканалар өз ара ж-а жабдуу-сатуу органдары аркылуу сатышат. Өнөр жай Дүң баасы ишкананын Дүң баасынан тышкары өзүнө жабдуу-сатуунун кошумчаланган баасын‚ керектөө товарлары боюнча бюджетке алынуучу жүгүртүү салыгын да камтыйт. Чет өлкөлүк тажрыйбада Дүң баа товар даярдоочулар м-н дүң соода фирмаларынын ортосунда‚ ошондой эле дүң ж-а чекене соодагерлердин ортосундагы жүгүртүүдө пайдаланылат. Эл аралык соодада адатта ички Дүң баанын деңгээлинен төмөнүрөөк деңгээлдеги экспорттук (импорттук) Дүң баа боюнча ишке ашырылуучу дүң операциялар үстөмдүк кылат.