ДӨБӨ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨБӨ-КОРГОН – 9–12-кылымдарга таандык шаар кал­дыгы. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбө-Коргон айылынын батыш тарабындагы Мазар-Дөбө шаарчасынын түштүк жагында жай­гашкан. Дөбө-Коргондун түштүк бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Археологиялык казуу учурунда орто кылымдарга таандык карапа идиштер табылган. Бул эсте­ликти 1957-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.