ДӨБӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨБӨЛҮ – Нарын районундагы кыштак. Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын дарыясынын жээ­гинде, деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 19 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 205 км. Кыш­так 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1280 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, маданият үйү, китепкана бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.