ДӨБӨЛҮ
ДӨБӨЛҮ – Нарын районундагы кыштак. Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 19 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 205 км. Кыштак 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1604 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.