ДӨГДҮРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨГДҮРОВ Мухамед [1906, Пржевальский уез­ди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бүркүт айылы) – 8. 9. 1968, Фрун­зе] – журналист, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабий сынын баштоочтордун бири. 1924–26-жылдарда Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928–29-жылдарда Тверь шаарындагы жумушчу факультетинде окуган. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жо­горку партиялык мектепти бүтүргөн. 1932–34-жылдарда Кыр­гызмамбастын ж-а «Чабуул» журналынын ре­дактору, Кыргызстан жазуучулар союзунун уюш­туруу комитетинин жооптуу секретары. «Кызыл Кыр­гызстан» гезитинде 1934–40-жылдарда бөлүм башчы, ре­дактордун орун басары, 1940–47-жылдарда жооптуу ре­дактор, 1948–58-жылдарда Кыргызстан профессионалдык союздары советинин төрагасы, 1958–61-жылдарда чет өлкөлөр м-н достуктун ж-а маданий байланыш­тын Кыргызстандагы коомунун президиумунда, 1961–68-жылдарда «Коммунист» журналында редактор, 1962–68-жылдарда Азия ж-а Африка өлкөлөрү м-н ти­лектештиктин Кыргызстан республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген. Чыгармачылык иши 1920-жылы баш­талган. Дөгдүровдун 1920-жылдардын 2-жарымында «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабияты­быз тууралуу» ж. б. сын макалалары жарыя­ланган. Ал 1930-жылдардын 1-жарымында ма­калаларында кыргыз поэзиясынын жүзүн көр­сөткөн акындардын чыгармачылык изденүүлөрү ж-а табылгалары м-н окурмандарды тааныштырып, 1930-жылдардын 2-жарымында проза жанры­нын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, ро­мандарга (асыресе, «Кең-Суу» романына) сын пи­кирлерди жарыялаган. М. Горькийдин «Эне» ро­манын, «Менин университеттерим» повестин которгон. Бир нече публицистикалык ж-а очерктер жыйна­гынын автору. СССР Жогорку Советинин (4- шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин (2–3-шайланышынын) депутаты. Үч Эм­гек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.