ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ
ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоодогу Дөдөмөл ж-а Ак-Шыйрак тоолорун Нарын дарыясы кесип өткөн жерде. Тогуз-Торо ж-а Ак-Талаа райондорунун аймагында. Узундугу Алабуганын чатынан (Нарындын сол куймасы) Кара- Кайыңдын чатына (оң куймасы) чейин 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2200 м, капчыгайды чектеген тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 м. Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк капталынан Кызыл-Жар тоосун көздөй созулган тектоникалык жарака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жараканын түндүк бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Ала-Букадан төмөн 20 км аралыкта туурасы 1 кмден 20–25 мге чейин кууш тартат. Төртүнчүлүк мезгилдеги тектирлердин калдыктары суунун нугунан 300–400 м көтөрүңкү жатат. Кайыңды суусу кошулгандан кийин капчыгайдын туурасы кескин кууштайт (5–10 м). Дарыянын нугу салыштырмалуу 1600 мден 1300 мге төмөндөп, суунун кескин жемиришинен 1 км аралыкта 7 мге тик капталдуу, кууш жалама капчыгай түзүлүүдө. Дөдөмөл тоосу суунун нугунан 1400 м өйдө жатат. Негизинен акиташ теги, доломит, кум, шагыл, сланец тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын кооз рельефи корукка айландырылган.