ДӨМӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨМӨР , К е м п и р -А б а д – Жалал-Абад обл­усунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 10 км. Деңиз деңгээлинен 750 м бийик­тикте жайгашкан. Калкы 3056 (2022); негизи­нен техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп бар.