ДИФФЕРЕНЦИАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:15, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФФЕРЕНЦИА́Л (лат. differentia – айырма, айырмачылык) м а т е м а т и к а д а – функция өсүндүсүнүн башкы сызыктуу бөлүгү. Эгерде бир өзгөрмөлүү y=f(x) функциясы x чекитинин ай­магында аныкталса ж-а бул чекиттеги анын ∆y=f (x+∆x) – f (x) өсүндүсү: ∆y=A∆x+α) (1) түрүндө туюнтулса, анда ал функция ушул че­китте дифференциалдануучу деп аталат. Мында A – кан­дайдыр бир сан, α – чондугу ∆x ке салыштыр­малуу жогорку тартиптеги чексиз кичине чоң­дук, башкача айтканда ∆x→0 болсо, анда α∆x→0. Ал эми A∆x чоңдугу аргументтин өсүндүсү ∆x ке пропор­циялуу ж-а функциянын өсүндүсүнүн башкы бөлүгүн түзүп, функциянын x чекитинин дифференциалы деп аталат ж-а dy=A∆x деп белгиленет. Эгерде (1) формулада ∆x→0 болсо, анда ∆y→0, башкача айтканда функ­ция үзгүлтүксүз ж-а чектүү туундуга ээ болот: демек, dy= f′(x)∆x (2). Аргумент x ке (2) – формуланы колдонсок, dx=x′∆x=∆x экендиги келип чыгат, анда dy=f′(x)dx формуласы алынат. Дифференциал жакындатылып эсептөөдө көп колдонулат, к. Дифференциал эсептөөлөр

Ад.: Усубакунов Р. Дифференциалдык ж-а интег­ралдык эсептөөлөр. 1-бөлүм. Ф., 1981.