ДӨРӨ-СУУ МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРӨ-СУУ МРА́МОР ОНИКСИ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыш­тагынан 15 км түндүк-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен аймагын палеогендин конгломе­раты м-н ордовиктин аягында пайда болгон гра­нит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат м-н гра­ниттин кошулган жериндеги тектоникалык жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аян­ты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс сар­гыч арагонит м-н кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10Ч10Ч15 см. Запасы 70 м3. Белек­тик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.