ДӨШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨШҮ – уста узанууга ылайыкталган чулу те­мир аспап. Анын үстүнкү бети жалпак, бир жагы жумуру, экинчи жагы төрт кыр учталып, дөң­гөчкө бекитилет. Темир усталардын Дөшүсү чоң, оор, зергерлердики кичинекей, зер буюмдарын жасоого ылайыкталган. Уста металлды ысык

Дөшүдө узанып жат­кан темир уста.

же муздак түрүндө Дөшүгө коюп кесет, көзөйт, со­зот, жалпайтат, түздөйт, ийет, миздейт, жуму­рулайт, кадайт жана башка керектүү иштерди жасайт. Дөшү көөрүк очогунан анча алыс эмес жерге орно­тулат, анткени ысытылган темир сууй элегин­де Дөшүнүн үстүнө коюлушу керек. Учурда Дөшү менен иштөө да механикалаштырылган.

Н. Мусуралиева.