ДӨҢ-АЛЫШ
ДӨҢ-АЛЫШ – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Талаа-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 65 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. Кыштак 1935-жылы отурукташкан. Калкы 1378 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Мамбеталиев туулган.