ДӨҢ-АРЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢ-АРЫК – Чүй облусунун Чүй районундагы кыш­так. Бурана айыл өкмөтүнө караштуу. Район­дун борбору Чүй кыштагынан 12 км түштүк тарапта. Токмок темир жол бекетинен 3 км. 1929-жылы отурук­ташкан. Деңиз деңгээлинен 961 м бийикте жайгашкан. Калкы 2734 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.