ДӨӨЛӨТАЛИЕВ
ДӨӨЛӨТАЛИЕВ Cейит (9. 2. 1940‚ Чүй облусу‚ Кант району‚ Ысык-Ата айылы – 16. 9. 2008, Бишкек) – экономика илимдеринин доктору (1993)‚ экономика ж-а эл чарбасын башкаруу боюнча адис. ФПИни бүткөн (1962). Кыргыз CCР ИА экономика институтунда илимий кызматкер‚ бөлүм башчы‚ өндүрүштүк күчтөрдү ж-а жаратылыш ресурстарын изилдөө боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары‚ КТУнун Токмоктогу экономикалык факультетинде кафедра башчысы‚ декан (2002-жылдан). 170тен ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 5 монографиясы‚ 3 окуу китеби жарык көргөн.
Эмг.: Развитие и вопросы экономики горнодобывающей промышленности Киргизии. Ф.‚ 1979; Формирование и развитие промышленных комплексов Киргизии (авторлош). Ф.‚ 1985; Кыргызстандын кен байлыктары жана аны пайдалануу. Б.‚ 1996.